Жаңылыктар
Баш мыйзам өзгөртүүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү
Саясат
Баш мыйзам өзгөртүүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү

Президент Алмазбек Атамбаев Конституциянын өзгөртүү кирген расмий редакциясын жарыялоо боюнча жарлыкка койду. 

Ага ылайык баш мыйзам 28-январда Эркин Тоо гезитинин атайын чыгарылышына басылат. 

Мамлекет башчы өз сөзүндө өлкө бүгүн тарыхый окуяга күбө болуп жатканын, мамлекеттин эгемендүүлүгүн бекемдөөгө карата дагы бир чоң кадам жасалганын белгиледи. 

Президент Алмазбек Атамбаев расмий нусканы жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык баш мыйзам “Эркин Тоо” гезитинин атайын чыгарылышына басылат. Андан соң Конституциянын көчүрмөлөрүн Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго, премьер-министр Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаевага жана Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыркуловго тапшырды. Ал эми баш мыйзамдын түп нускасы Президенттик аппаратта сакталмакчы.

Белгилүү болгондой 11-декабрдагы референдумда баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү шайлоого катышкандардын 80 пайызга жакыны колдоп берген. Алмазбек Атамбаев анда конституциянын текстиндеги 60ка жакын каталар оңдолгонун билдирди.

Жаңы өзгөртүүлөр менен өлкө президентинин ыйгарым укуктары да чектелип, айрым ченемдер өкмөт башчынын карамагына өткөрүлүп берилди. Саясый талдоочулар мындай кадам - Кыргызстандын нукура парламенттик өлкө курууга багыт алганынын далили катары баалашууда.