Жаңылыктар
Атамбаев Индия мамлекетинин Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды
Саясат
Атамбаев Индия мамлекетинин Кыргызстандагы Элчисин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Индия мамлекетинин Кыргызстандагы Элчиси Джаянт Кхобрагадени биздин өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы Элчи мырзага Кыргызстандагы активдүү жана жемиштүү иш алып барганы үчүн ыраазычылык биодирип, анын кыргызстанда иштеп турган учурунда Кыргызстан-Индия кызматташтыгы жаңы басычка көтөрүлгөнүн, бул үчүн Элчинин жеке салымы чоң болгонун белгиледи. 

Жолугушууда кыргыз-индиялык эки тараптуу мамилелердин тереңдешине биринчи кезекте эң жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу өбөлгө болгону айтылды. Эки өлкө элдеринин маданий жана тарыхый байланыштарын, ошондой эле демократия принциптерин жактаганын эске алуу менен Кыргызстан менен Индия ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай өркүндөтүүнүн зарылчылыгы белгиленди. Алмазбек Атамбаев Элчинин мындан аркы ишине ийгилик каалап, Индия президенти Пранаб Мукхерджиге жана премьер-министри Нарендр Модиге саламын жолдоду.