Жаңылыктар
Авиакырсык: жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо аракети жүрүүдө
Кырсык
Авиакырсык: жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо аракети жүрүүдө

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин жетекчилиги астында авиакырсыктан жабыркагандар убактылуу жашап жаткан «Семетей» мейманканасында министрлик жана мекеме жетекчилеринин көчмө кеңешмеси өттү. Жыйында-кырсыктан жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо жана алардын документтерин калыбына келтирүү негизги милдет экени айтылды. Абулгазиев- жабыркагандарды турак-жай менен камсыздоо маселеси чечилгиче, убактылуу жашоочу жай үчүн «Манас» айылы каралып жатканын билдирди. 

Бул сунушту жабыркаган жарандар дагы колдоого алышты. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси жабыркагандардын көпчүлүгүнүн паспорттору калыбына келтирилгенин айтса, өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-февралдан тартып гуманитардык жардамдар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга бөлүштүрүлө баштаарын билдирди. Биринчи вице-премьер бирдиктүү эсепке чогулган акча каражатын ачык-айкын, калыс бөлүштүрүүнү тапшырды.