Жаңылыктар
Максат Кунакунов 10 жылга эркинен ажыратылды
Кылмыш
Максат Кунакунов 10 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакуновду 10 жылга эркинен ажыратты. Укук коргоо органдары Кунакуновду “террорчулукка кол кабыш кылган, курал жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактоо" боюнча айыпташкан. 

Прокуратура анын үй мүлкүн конфискациялап, 30 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. УКМК 2015-жылдын 16-июлунда Бишкекте бир нече террордук акт уюштурууга аракеттенген топтун төрт өкүлүн жок кылып, жетөө кармалганын кабарлаган. Төрт күндөн кийин “Манас” аэропортунан ушул ишке катышы бар деп шектелип Максат Кунакунов да кармалган. 

Ал өзүнө тагылган күнөлөрдүн баарын четке кагып келет. Кунакунов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликчил “Ак жол” партиясынын катарында парламентке депутат болгон.