Жаңылыктар
Талас шаарында окуучулардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө кыйын болууда
Кылмыш
Талас шаарында окуучулардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө кыйын болууда

Талас шаарында жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору ар бир мектепте жыйын өткөрдү. Шаарда 11 орто мектеп болсо, 13 миңге чукул өспүрүм бар. 

Ал эми алар менен иш алып барууга болгону 5 инспектор дайындалган. Албетте бул жагдайда окуучулардын жүрүм-турумун толук көзөмөлдөө кыйын болууда. 

2016-жылы жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 5 кылмыш катталып, бир фактыда жаш бала өз жанын кыйган. Милиция кызматкерлеринин айтымында Талас шаарынын балдары 3 аймакка бөлүнүп алышкан. 

Алардын ортосунда тирешүүлөр көп болгондуктан, ар дайым көзөмөлдөө керек.