Жаңылыктар
Ошто өнөр адамдарынан куралган чыгармачыл-жумушчу топ түзүлдү
Маданият
Ошто өнөр адамдарынан куралган чыгармачыл-жумушчу топ түзүлдү

«Ыйман, адеп жана маданият» жылын өткөрүү үчүн Ош шаарында өнөр адамдарынан куралган чыгармачыл-жумушчу топ түзүлдү. 37 кишиден турган топтун өкүлдөрү Ошто бир жыл ичинде өтүүчү маданий саамалыктарга жоопкерчилик алышты. Алдын-ала түзүлгөн иш-мерчемдерге ылайык, Ошто март айында «Эл аралык акындар таймашы » өткөрүлсө, июнь айында «Эл аралык 2-Этномаданият фестивалын» өткөрүү пландаштырылууда.

Муну менен катар, келечек муундарын ыйман, адепке тарбиялоого шыкак берген бир нече сипозиумдар менен катар, октябрь айында эң ири «Алтын өрөөн» аталыштагы эл аралык искусство фестивалы болот. Бул фестивалга Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын искусство чеберлери чакырылат. Уюштуруучлардын айтымдарында, бул иш-чаралар былтыркы жылдагы «Тарых жана маданият» жылынын уландысы катары ишке ашат.