Жаңылыктар
Түп районунда фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди
Ден соолук
Түп районунда фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди

Түп районунун Кең-Суу айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди. Айылдык эмкана АРИС программасынын колдоосу менен жалпы эки миллион сомго жакын каражатка, жеңил конструкция менен курулду. 

Долбоорду айыл тургуну Мирлан Алтыбаев жазган. Бирок ал күтүүсүз кырсыктан улам каза болуп, өз эмгегинин үзүрүн көрө албады. Белгилей кетсек эски дарыгерлер пункту айылдагы мектептин бир бөлмөсүндө гана жайгашып, бир катар кыйынчылыктар жаралчу. 

Жаңы имаратта эми төрөт, тиш даарылоо жана терапия бөлүмдөрү иштеп баштайт. Айылда болсо эки жарым миңден ашык адам жашайт.