Жаңылыктар
Тыныбекова Россиядагы эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды
Спорт
Тыныбекова Россиядагы эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды

Мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова Россияда өткөн "Иван Ярыгин-2017" эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды. 

Мекендешибиз 58 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалда орусиялык спортчуну 13:3 эсебинде утуп алды. «Иван Ярыгин-2017» гран-при мелдеши 29-январга чейин уланат. 

17 өлкөдөн чогулган спортчулар медалдардын 16 комплекти үчүн таймашат. Турнирге Айсулуу Тыныбекова менен кошо дагы 10 балбан кыздан турган кыргызстандык курама команда күч сынашууга барган.

Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарынан кийин эл аралык мелдештерге катыша элек болчу.