Жаңылыктар
"Мегаком" компаниясынын тарыхы
Коррупция
"Мегаком" компаниясынын тарыхы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мегаком уюлдук компаниясынын тегерегиндеги коррупциялык иштер боюнча текшерүүлөрүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялады.

Атайын кызматтар “Альфа Телеком” боюнча Белизден алынган маалыматтар жана ага айрым кыргыз саясатчыларынын катыштыгы боюнча жагдайларды иликтөөгө алган. Анда белгилүү болгондой 2010-жылы “Альфа Телеком” компаниясынын 49 пайызы гана улутташтырылып, кызыкдар тараптар калган 51 пайыз акциясын каржылык көз боёмочулук кылуусуна атайылап шарт түзгөнү айтылат. 

Маалыматта бул аракеттер 2010-жылдын апрель айларынан тарта эле жасала баштаганы белгилүү болгон. “Мегаком” компаниясынын тарыхы жана ага көз арткан тараптардын кылык жоруктары туурасында атайын журналисттик иликтөөгө көңүлүңүздөрдү бурабыз.