Жаңылыктар
Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандар коопсуз жайга көчүрүлдү
Өзгөчө кырдаал
Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандар коопсуз жайга көчүрүлдү

Сузакта жер көчкүдөн жабыркагандар коопсуз жайга көчүрүлдү. Төрт үй-бүлөнүн 26 мүчөсү азык-түлүк, кийим-кече, жылуу төшөнчүлөр менен камсыз болушту. 

Алар Орток токой чарбасынын кеңсесине жана кошумча имаратына жайгаштырылды.

Калган 13 үй-бүлө туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Учурда айылдагы электр энергиясы кыркылып, жашоого ылайыкталган шарт токтотулду. 

26-январь күнү Сары-Булак айылына көлөмү 65 миң кубометрди түзгөн жер көчкү жүргөн. Эки турак жай көчкү алдында калса, дагы эки үй жарактан чыккан.