Жаңылыктар
Февраль айында күйүүчү майдын баасы 2-2,5 сомго арзандашы күтүлүүдө
Экономика
Февраль айында күйүүчү майдын баасы 2-2,5 сомго арзандашы күтүлүүдө

Февраль айында күйүүчү майдын баасы 2-2,5 сомго арзандашы күтүлүүдө. 

Бул унификацияланган темир жол тарифи ишке киргизгенине байланыштуу болууда. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков билдирди. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун билдиришинче, 2017-жылкы жазгы талаа иштерине 100 миң тонна дизель майы, 26 миң тонна бензин жумшалары каралууда. 

Премьер күйүүчү майлардын баасынын кескин көтөрүлүп кетишине жол бербөө үчүн тийиштүү органдарга алдын ала тапшырма берди.