Жаңылыктар
Окуучуларды сабакка киргизбей жана сабактан чыгарып койгонго тыюу салынды
Билим
Окуучуларды сабакка киргизбей жана сабактан чыгарып койгонго тыюу салынды

Мугалимдер сабак учурунда класстан чыгып, окуучуларды кароосуз калтырбоого тийиш. 

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы методикалык нускамасында жазылып чыкты. Анда окуучуларды кезметчи кылууга жана сабактан чыгарууга тыюу салынды.

Андан сырткары мектептерде окуучуларды сабакка кечиккени же формасы жок келгени үчүн окууга киргизбей койгонго дагы тыюу салынды. 

Окуучуларды сабактан бошотуп, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жумшоого дагы жол берилбейт. 

Директорлор балдардын ата-энелери менен чогулуш уюштуруп, сабактан тыш жана окуу учурундагы кызматташууну жандантуу маселесин талкуулап турууга милдеттендирилди. 

Бул эреже окуучулардын тарбиялык иштерин жана ата-энелер менен кызматташууну жандантуу максатында кабыл алынган.