Жаңылыктар
Өкмөт былтыр аткарып үлгүрбөгөн жумуштарды быйыл аягына чыгарат
Экономика
Өкмөт былтыр аткарып үлгүрбөгөн жумуштарды быйыл аягына чыгарат

Мамлекетти өнүктүрүүгө болгон иштиктүү демилгелери болбогондуктан бир катар өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү премьер-министрдин сынына кабылышты. Ал гана эмес жыйында айрым жергиликтүү бийликтин башчыларына сөгүш жарыяланып, бир катары кызмат ордуна төп келеби деген маселени кароо сунушу айтылды. Бул билдирүүлөр өкмөттүн былтыркы жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктарын чыгарган жыйында айтылды. Анда 2016-жылы өлкө экономикасында өрүш алган учурлар да кемчиликтер да болгону белгиленди.

Дүйнөлүк каатчылыкты эске албаганда былтыр өкмөт алдыга коюлган милдеттерди ыкчам аткарып, көзгө көрүнөөрлүк жыйынтыктарга жетише алды. Бул экономиканы жөндөө, ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү аны менен бирге ЕАЭБ алкагындагы бир катар жумуштарды илгерилетүү, социалдык милдеттерди убагында аткаруу жана улуттук ири долбоорлорду ишке ашыруу болду. Анын алкагында өлкөнү өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияга кирген тапшырмалар да бар.

Өкмөт былтыр аткарып үлгүрбөгөн жумуштарды быйыл аягына чыгараары маалымдалды. Бул логистикалык борборлорду, мал союучу жайларды куруу жана Казакстан менен ветеринардык көзөмөлдү алып салуу боюнча макулдашуу. Муну менен катар ишкер чөйрөгө жагымдуу шарт түзүү жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу багытында иштер күчөтүлөт.