Жаңылыктар
Учак кырсыгы: жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү уланууда
Кырсык
Учак кырсыгы: жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү уланууда

Өздөрү алыста жүрсө да жүрөктөрү туулган жерим деп соккон Орусиядагы мекендештерибиз учак кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүштү. Ал жакта иштеп, жашап жаткан кыргызстандык жарандар башын бириктирип, каражат чогултушкан. 

Жардам каражатын атайын шайланып келген өкүлдөр 35 үй-бүлөгө таркатышты.

Авиа кырсыктан жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү уланууда. Жабыркагандардын жеңилин жерден, оорун колдон алам дегендердин катарын эми Орусияда иштеп, жашап жаткан мекендештерибиз толуктады.
Белгилей кетсек, материалдык түрдөгү гуманитардык жардамдарды кабыл алуу түйүндөрү 1-февралдан тарта ишин токтотот. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акча которуулар үчүн түзгөн бирдиктүү эсеп иштей бермекчи.