Жаңылыктар
Бишкек шаары маршруттук таксилерден арылабы?
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаары маршруттук таксилерден арылабы?

Бишкекти маршруттук таксилерден арылтуу маселеси бир канча жылдан бери көтөрүлүп келет. Кичи автобустарды шаардын сыртына чыгаруу мэриянын пландарынын бири. Бирок аны ишке ашыруу маселеси азырынча убада боюнча калып келүүдө.

Маршруттук унааларды текшерүү чоң көйгөйлөрдү ачыкка чыгарууда. Жүздөн ашык маршруттук таксинин техникалык абалы кооптуу деп табылды. Текшере келгенде айдоочулардын уруксат кагазынын мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болду.
Маршруттук унаалардын айдоочулары ашыкча жүргүнчү салып, кооптуу жагдай жараткан учурлары аз эмес. Бирок азырынча кичи автобустардан баш тартуу мүмкүн эместигин шаардыктар белгилешет. Автобус менен троллейбус албетте ыңгайлуу, жол акысы да арзан, бирок ал шаардыктардын баарына жетиштүү эмес.