Жаңылыктар
Ош шаарында уникалдуу бала бакча иштеп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында уникалдуу бала бакча иштеп жатат

Бакчанын 700гө жакын тарбиялануучусу күн сайын ачык асман астында муздак сууга чайканышат. Бул бөбөктөрдун саламаттыгы үчүн пайдалуу дешет тарбиячылар.

20 жылдан бери «Ак-Каркыра» атындагы №61-балдар бакчасы, Порфирий Ивановдун ыкмасын колдонуп, валеологиялык тарбия менен бөбөктөрдүн ден соолугун чыңдоону башкы максатка коюп келет.
Анан калса суу процедуралары атайын кандайдыр бир даярдыкты талап кылбайт. Башкысы баланын дени сак болуп, моралдык жактан даярдык керек дешет адистер. Муздак сууга чайкангандан кийин балдардын маанайы көтөрүлүп, күн бою шамдагай жүрүшөт.
Мында бөбөктөр чет тилдерин да кызыгуу менен үйрөнүшөт. Ар кандай кызыктуу ийримдер да орун алган. Эң башкысы ар бир балада мекенге болгон сүйүү, үрп адатка, салт санагаа болгон сый-урмат мамилесин бекемдөө дагы тарбиянын негизги өзөгү.