Жаңылыктар
Ууга чыккан аңчылар тууралуу документалдуу тасма тартылды
Маданият
Ууга чыккан аңчылар тууралуу документалдуу тасма тартылды

Кыргыз тоолорунун кооздугу, катаалдыгы жана карышкырга ууга чыккан аңчылардын аракетин Кыргызстандын эл артисти, режиссер Тынай Ибрагимов өзүнүн жаңы документалдуу тасмасы аркылуу чагылдырган.

Жапайы жырткыч менен күрөшкөн аңчылар катаал шартта тартылган. Алар 3 миң метр бийиктикке чейин чыгып, борошо урган бороон-чапкын, ызгаар суукка карабай карышкыр уулашат. Карышкыр аңдыган мергенчилер шек албасын деп ак кар, көк музда былк этпей кар үстүндө бир нече саат бугуп жатышкан. Мунун баардыгы жакындарын жырткычтан сактап, мал-жандыгын карышкырга алдырбоо үчүн жасалууда.
Кыш киргени карышкыр короого чейин аралай кирип, жада калса адамга дагы коркунуч жаратат. Былтыр адамга тиш салган 10 учур катталып, баардыгы аман калган. Документалдуу тасманы жараткан режиссер, адамдарга карышкырдын айлакердигин, канчалык коркунучтуу экендигин айтып, алар менен кантип күрөшүү керектигин көрсөтүүнү көздөгөн.