Жаңылыктар
Кыргызстанда берилген айдоочулук күбөлүк Орусияда жараксыз
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда берилген айдоочулук күбөлүк Орусияда жараксыз

Мунун айынан орусиядагы миграт жердештерибиз унаа айдап акча табуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп жаткан мисалдар кездешип жатканы катталууда. Экинчиден, андагы айып акыларынын суммасы да жогору болуп жатканын белгилешет. 

Белгилеп кетчү жагдай, 2006-жылы Орусия менен бирдикте жол кыймылы тууралуу Вена конвенциясына кол коюлган. Эл аралык макулдашуу боюнча конвенцияга кирген өлкөлөр ичинде улуттук айдоочулук күбөлүктөр жарактуу деп эсептелиниши керек. 

Бирок Орусиянын жол коопсуздук кызматы Кыргызстандан алынган айдоочулук күбөлүгүн жараксыз деп эсептешүүдө.

Вена конвенциясынын талабына жараша ар бир мамлекеттен берилген айдоочулук күбөлүк  эл аралык талаптарга жооп берүүсү шарт. Ошондуктан бул багытта тиешелүү кадамдар жасалуусу тийиш дешет адистер.  

                                                              

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"