Жаңылыктар
Атактуу саякатчы Яцек Палкевич Кыргызстанда
Кыргызстан жаңылыктары
Атактуу саякатчы Яцек Палкевич Кыргызстанда

Атактуу саякатчы, репортер жана изилдөөчү Яцек Палкевич Кыргызстанда. Eвропадагы “ Жашоо үчүн күрөш мектебинин” негиздөөчүсү, “Улуу Жибек жолу 2017” эл аралык долбоорунун автору Яцек Палкевич Бишкекте  экспедициясынын максаттарын айтып берди. 

Жаз айларында Кытайдан башталган сапар  күзүндө Польшадан  жыйынтыкталат. Ошондой эле  ал  бир катар расмий жолугушууларды өткөрөт. 

Ошентип Кыргызстанга “Улуу Жибек жолу 2017” эл аралык долбоорун тааныштырганы келген Яцек Палкевич, долбоордун бюджети 500 миң АКШ долларын түзөрүн, экспедицияны Кытайдын, Польшанын жана Россиянын өкүлдөрү каржылап жаткандыгын маалымдады. Экспедициянын курамы  болжол менен 12 адамдан туруп, майда башталып, күз айларында жыйынтыкталаары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек Яцек Палкевич 1996-жылы Амазонканын агымынын жайгашуусун так аныктаган адис.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"