Жаңылыктар
Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүүгө акы төлөө сунушталууда
Ден соолук
Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүүгө акы төлөө сунушталууда

Бул демилге дароо коомчулуктун талкуусуна түштү. Айрымдар, азыркы шартта төлөм киргизүүнү колдосо, дагы бири ага терс пикирин билдиришет. Ошол эле учурда  мындай ыкма эгемен өлкөнүн тарыхында эле келе жатканын, маселе актуалдуу эмес экенин, бара-бара сапаттуу акы төлөгөн медициналык тейлөө орношу керектигин адистер белгилешет.   

Акыркы учурда  айлык акынынын төмөндүгүнөн тажрыйбалуу медиктер жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгып кетип жаткандыгы байма-бай айтылат. Бул өз кезегинде алыскы элет жерине адистердин жетишсиздик маселесин жаратууда. Көйгөйдү, депутат Сайдулла Нышанов медицинаны акы төлөөгө өткөрүү жолу менен чечүүдөн көрөт.

Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, 72 жаштан жогорку пенсия курагындагылар мындан башка дагы бир нече   категориядагы адамдарга акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт деп мыйзамда жазылган. Бирок, буга жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүгүн тармактын адистери айтышат.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"