Жаңылыктар
2016-жылдын бюджети 92 пайызга аткарылды
Экономика
2016-жылдын бюджети 92 пайызга аткарылды

2016-жылдын бюджети 20,9 миллиард сомго тартыштык менен, тактап айтканда 92 пайызга аткарылды. Кирешелердин жыйындысы 115 миллиард 771 миллион сомду түзсө, чыгашалардын жыйындысы 136 млрд 697,2 млн сом болду. 

Бюджеттин планын 3 мамлекеттик орган аткарган жок. Талкуу жүрүшүндө депутаттар план аткарбаган жетекчилердин  жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөрүштү .

Эске салсак, Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргыз Республикасынын республикалык 2016-жылдагы бюджетинин  аткарылышын талкуулады.  

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети  30-январдагы жыйынында  2016-жылдагы  республикалык бюджеттин   аткарылышы  тууралуу маалыматты укту. 


Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"