Жаңылыктар
Онкология: нур терапия аппараты жаңыланат
Ден соолук
Онкология: нур терапия аппараты жаңыланат

Кыргызстанда онкологиялык оорулууларды дарылоочу нур терапия аппараты жаңыланат. Учурда бул аппаратты  насыяга сатып бере турган инвесторлор менен сүйлөшүүлөр  жүрүп жатат. Эгерде бул аппарат Кыргызстанда  жаңыланып ишке кирсе, жаңыдан онкологиялык дартка чалдыккандардын, оорусун алдына алууга болот дешет адистер. Кыргызстанда мындай аппарт бар. Бирок анын эскилиги жетип иштөөсү кыйла басаңдап калган. 

Кыргызстанда рак оорусу менен жабыркагандардын саны жыл санап өсүүдө. Учурда алардын тизмеги 5 миңге жетти. Алардын айрымдары ооруга чалдыккан жылы эле кайтыш болуп жатат. Андыктан дарт тереңдеп оорлошуп кете элегинде айыктырып же токтотууга аракет кылуу зарыл. Ал үчүн онкологиялык ооруларды дарылай турган нур терапия аппараты Кыргызстанга керек. Бирок саламаттыкты сактоо министрлиги бул аппаратты сатып алууга чамасы жетпейт. Андыктан бул нур терапия аппараттын инвесторлордун жардамы аркылуу кредитке болсо дагы сатып алуу зарылчылыгы  турат дейт “Жардам берүу оңой” коомдук фонддунун милдетин аткаруучу директору Динара Аляева.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”