Жаңылыктар
Т.Сариев алгачкылардан болуп турак-жайын камсыздандырды
Кыргызстан жаңылыктары
Т.Сариев алгачкылардан болуп турак-жайын камсыздандырды

Бүгүн, премьер-министр Темир Сариев алгачкылардан болуп өз турак-жайын камсыздандырды. Бул кадам менен өкмөт башчы - өлкө жарандарына үлгү көрсөтүп, бардык кыргызстандыктарды милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууга чакырды. 

Ал өз сөзүндө келерки жумадан тарта бардык министрлик жана ведомстволордун жетекчилери турак-жайларын камсыздандыра баштарын айтты. 

Белгилей кетсек, кечээ “Турак-жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам күчүнө кирген. Камсыздоо тарифи шаар жергесинде – 1200 сом болсо, айыл жеринде 600 сом өлчөмүндө өкмөттүн токтому аркылуу бекитилген.