Сапар Исаков КРдин Президенттик Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаеав 31-январда кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Бул кызматты буга чейин Аалы Карашев аркалап келген.
Сапар Исаков болсо мурда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.