Жаңылыктар
Ысык-Көл облусу санарипке өтө элек
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусу санарипке өтө элек

Ысык-Көл облусунун баардык айылдары санарипке өтө элек. Тактап айтсак азыркы тапта санарип көрсөтүүлөрү облустун элүү айылына жеткириле элек. Бул багытта азыр телесигналдарды жеткирүүчү жабдыктар орнотулуп жатат. 

Бул иштер май айына чейин толук бүткөрүлөт дейт маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова. Айнура Темирбекованын айтымында бул багытта жергиликтүү жетекчилер эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл. 

Мындан сырткары облустагы телеканалдар буга толук даяр болуш керек.

Эске сала кетсек облус аймагында эки жеке менчик жана бир облусттук телеканал иш алып барат. Алардын даярдыгы бүгүнкү күндө талапка ылайык жүрүп жатат.