Жаңылыктар
Бишкек мэри 27-февралда шайланат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэри 27-февралда шайланат

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 27-февралга белгиленди. Бул тууралуу биздин каналга Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, калаа башчысына талапкерлер арызды шайлоо күнүнө 5 күн калганга чейин берсе болот. 

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча мэрди Бишкек шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ал эми мурдагы мэр Кубанычбек Кулматов кызматтан кетүүгө 9-февралда арыз жазган. Учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин вице-мэр Айгүл Рыскулова аткарып жатат.