Жаңылыктар
Өкмөт тарабынан билим берүү тармагындагы аракеттер
Билим
Өкмөт тарабынан билим берүү тармагындагы аракеттер

 Быйылкы жылы өкмөт курулушу мурда башталып, кийин токтоп калган социалдык объектилердин курулуштарын аягына чыгаруу жумуштарына басым жасайт. Өлкө аймагы боюнча мындай курулуштардын саны сегиз жүздү чамалайт. Алардын катарында 190дон ашык мектептер дагы бар. 

Мындан ары өлкөдө мектептер типтүү долбоор менен гана салынмай болду. Бул максатта 150, 250, 375 жана 500 орунга ылайыкталган 4 долбоор иштелип чыккан. Бул кадимки спорт залы, ашкана менен ар кандай иш чараларды өткөрүүгө ылайыкталган залдары бар билим жайлары болот. Себеби буга чейин мектептердин ар биринин курулушуна ар кандай каражат сарпталганы аныкталып, ал гана эмес былтыр 3 компания Ош облусундагы эки мектеп жана Ысык-Көлдөгү бир мектептин курулушун сапатсыз бүткөнү аныкталган.
 Эми эгер курулуш компаниялары тарабынан социалдык объектилерди курууда кетирген кемчилиги аныкталса аларга карата лицензиясын тартып алууга чейинки чара колдонулат. Курулуш ишканалары тарабынан кетирилген калпыстыктарды териштирүү максатында премьер-министрдин тапшырмасы менен тиешелүү министрлик жана мекемелердин өкүлдөрүнөн турган топ түзүлдү. Курулуш маалында кетирилген бардык кемчиликтер келишимге ылайык курулушту аткарган ишкана тарабынан оңдолот.
Быйыл өкмөт каражаттын тартыштыгынан мурда пайдубалы түптөлүп же курулушу жарым-жартылай аткарылып, жумушу көптөн бери токтоп калган объектилерди аягына чыгарат. Мындай курулуштардын саны 300дөн ашык. Анын ичинде көптөн бери курулушу токтоп турган 192 мектеп дагы бар.
Ошону менен бирге быйыл 70 мектеп интернетке кошулат жана анын жардамы менен электрондук китептер аркылуу сабактар өтөт. Мындан тышкары эгемендикке ээ болгон жылдары менчиктештирилип, сатылып кеткен бала бакчаларды кайтаруу боюнча жумуштар дагы ыкчамдатылат. Маалыматтар боюнча 90-91 жылдары 1696 бала бакча болсо 2010-жылы анын 691 гана калган.