Жаңылыктар
Табияттын татаал сыноосун баштан кечирген элеттиктер
Аймак
Табияттын татаал сыноосун баштан кечирген элеттиктер

Кыш ызгаары кычырап турган алыскы Тогуз-Торо районунун айрым айылдары менен болгон байланыш үзгүлтүккө учураганы турат. Кырдаалдын кыйындап кетишине кардын калың түшүшү жана ызгаар себеп. 

Сыягы, быйылкы кыш тоолуктар үчүн өзүнүн катаалдыгы жана жаан-чачындыгы менен эсте калат көрүнөт. Мисалы, алыскы Тогуз торо районунун айрым жерлеринде кардын калыңдыгы эки метрге чейин жетүүдө. Ал эми азыр биз турган Каба айылында кардын калыңдыгы эки метрден да ашат. Албетте, мындай жагдай элеттиктердин түйшүктөрүнө түйшүк кошуп, жада калса, өмүрү колду карабаган жылкы баласы да короолордо.

«Атай» айыл аймагынын фермери Токточал Алсеитов башынан эле мал жандуу. Ушундан уламбы, тоютту кең-кесири камдап, кышкысын анча кыйналбайт. Антсе да, быйыл кардын калың түшүшү аны бир топ эле чоочутуп койду. Айтымында, табияттын мындай оор учуру 1969-жылы катталган.

 Ал эми экинчи топтогу майып Абыл Кожомбердиевдин сарайы калың түшкөн карга туруштук бере албай кулап калган. Андыктан жаңысын тургузууга курулуш материалдарын азыртан белендеп коюууну максат кылууда. Бирок райондун борбору менен жол катнаш бирде ачык, бирде жабык.

Анткен менен, миңге жакын түтүн эли бар «Атай» аймагындагылар кардын калыңын бетке кармап, бийлик башындагылардын тынчын деле алышкан жок. Тескерисинче, жаратылыштын терс кыялына каарман эмгектерин каршы коюп, тиричилик өз нугунда уланууда.

Негизи же шартынын катаалдыгынанбы, же жеринин алыстыгынанбы, айтор, тогуз торолуктар башынан эле камдуу. Ошого жараша кыш оорбу, жеңилби, ал көп билинбей, жазында баарысынын телегейи тегиз, төрт түлүгү аман.