Жаңылыктар
Билим алууга умтулган жаш үй-бүлө
Билим
Билим алууга умтулган жаш үй-бүлө

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата репортаждар түрмөгүн берүүнү улантабыз. Бул жолу үлгүлүү үй-бүлө тууралуу сөз болот.   Өлкөбүздө чектелүү акча таап, бирок башкы көңүлүн балдардын билим алуусуна жумшап, келечектин пайдубалын түптөгөн мекендештерибиз бар. Биринчи класста окуган Абдумаликтин кыялы ата-энесине чоң үй салып берүү. Эки адам кенен бата албаган тар бөлмөдө үй-бүлө жети жылдан бери жашап келишет. Бул аралыкта Айдарбек колго тийген жумуштардын баарын жасап, аз убакытка Орусияга барып иштеп келүүгө да жетишкен.

Физика-математика адистигине ээ болуп, бирок кесиби менен иштей албаган атасынын бардык үмүт-тилектери балдарында. Ушул максатта ал тапкан айлык акчасынын 30-40 пайызын уулунун кошумча сабак алуусуна жумшап келет. Абдумалик ата-энесинин салган инвестициясын эртелеп эле актап, бир канча сынактарда, ал эмес эл аралык олимпиадада жеңишке жетишти.
Абдумаликтин апасы: "Кичине бөлмөдө жашоо кыйын. Бирок балдарыбыз жакшы билим алса дейбиз. Жана колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз. Кызым алтыда. Анын да математикага шыгы бар."
 Абдумалик шаардагы математика багытындагы мектепке барат. Так илимди тереңдетүү максатында менталдык арифметика боюнча кошумча курска жумасына эки ирет барат. Өзү кичине болгонуна карабай кошумча курс өткөн жери өзү жашаган жерден алыс болгонуна да кайыл.
Жумушу көп экенени карабай атасы да уулун жакшы көргөн сабагына алып барып келгенден тажабайт. Техниканын заманында мээсин ар тараптуу өстүрүү жана жашоосунда боло турчу ар кандай кырдаалдан жеңил чыгуусу үчүн математиканы тандап алышканына куштар. Абдумалик анан шахматты дагы чоң кишилерден жакшы ойнойт.
Улуу математик болгусу келген биринчи класстын окуучусу менталдык арифметикадан сабак алганына жарым жылдан ашты. Аз убакыттын ичинде эле ал өлкөдөгү мыкты менталисттердин катарына кошулган.
Абдумалик азыр көбөйтүүнү үйрөнүүдө. Бул анын келечекте ээ болуучу билимине терең фундамент болот. Ал бекем болушу үчүн ата-энеси азыртадан бардык аракетин жасоодо.