Жаңылыктар
ЕАЭБ: экономикалык биримдиктин пайдасы
Экономика
ЕАЭБ: экономикалык биримдиктин пайдасы

ЕАЭБ шарттарына ыңгайлашуунун экинчи баскычында быйыл өкмөт олуттуу жумуштарды ишке ашырганы турат. Бул аракеттер төрт бөлүктөн турган атайын программанын негизинде ишке ашат. Ириде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү менен бирге ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине дагы онго чукул ишкана киргени турат. Дагы бир милдет Казакстан менен ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. 

Биримдикке киргендеги башкы жетишкендик ЕАЭБ рыногунда Кыргызстандын товарлары жеткиликтүү сатылууда. Жыл өткөн сайын ата мекендик товар жүктөп чек арадан чыккан оор жүк ташуучу унаалардын саны арбыды. 2016-жылы бул көрсөткүч эки эсе көбөйүп 95 миңге жеткен. Учурда өнөр жай жана айыл чарба азыктарынын ар кандай түрүн алып өтүүгө чек ара толук бойдон ачык. Болгону бир аз товарга ветеринардык көзөмөл чектелүү. 

Быйыл коңшу Казакстан менен ветеринардык көзөмөлдү алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр ыкчамдатылат. Бул маселеси чечилгенге чейин ишкерлер ЕАЭБ базарына Казакстан аркылуу транзит менен товарларды ташууда.
Былтыр ЕАЭБ базарына чыккан сүт жана сүт азыктарынын экспорту төрт эсеге көбөйгөн. Биримдиктин бирдиктүү тизмесине кирген 18 ишканадан тышкары быйыл дагы онго чукул ишкана катталганы турат. Бул ишке ашса экспорттун көлөмү артаары анык. Мындан улам талапка жооп берген продукцияны чыгаруу үчүн жаңы лабораториялар салынып, Бишкек менен Ош лабораториясы Россиядан келген 1 млн 800 миң долларлык грантка заманбап жабуулар менен жабдылды. Жыл аягына чейин дагы 4 млн долларга чукул грант келет. 
Кыргызстан ЕАЭБ базарына Казакстан аркылуу сүт, эт жана балык азыктары менен балды сатууда. Бул товарлардын тизмесине дагы 86 товардын түрү киргизилди. Алардын 40 түрүн ар кандай унаа менен алып өтүүгө уруксат болсо, 46сын тийиштүү мыйзамга ылайык жеңилдетилген тариф менен темир жол аркылуу ташылат. 

 Жеңилдетилген темир жол акысы ар бир товарга өз-өзүнчө бекитилет. Ошол эле учурда өткөөл учурдун техникалык регламенттери аяктап жатканына байланыштуу быйыл жаңы шарттарга ыңгайлашуу үчүн бизнес чөйрө менен иш күчөтүлөт. Эл аралык талаптарга ылайыкташып, Дүйнөлүк соода уюму менен ЕАЭБ шарттарын шайкеш келтирилет.