Жаңылыктар
«Белизгейт» маселеси Парламентте дагы козголду
Саясат
«Белизгейт» маселеси Парламентте дагы козголду

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ партиялаштары Алмамбет  Шыкмаматов, Аида Салянова “Саутфилд” компаниясынын акционери эместигин айтты.

Улуттук коопсуздук комитетинин Белиз өлкөсүнөн алган документтер далилдегендей, 2012-жылдын 4-апрелинде аталган 3 депутатка трасттык декларация аркылуу Мегакомдун 51 пайыз акциясы сатылса, аларга өз үлүшүн алууга кепилдик берилмек. "Ата Мекендин" лидеринин айтымында, Текебаев, Шыкмаматов жана Саляновалар компаниянын акционерлери болбогондуктан, Саутфилд маалыматтарды берүүдөн баш тарткан. Бирок, көп өтпөй Текебаевдин айткандарына тап-такыр карама-каршы келген маалыматтар чыкты. Бир кездерде Мегакомдон үлүш алып турган орусиялык “Пенвел Бизнес Лимитед” компаниясынын мурдагы өкүлү Раушан Рыкунова Текебаев 2012-жылдан бери уюлдук ишкананы Мегакомдун азыркы башкы директору Азат Базаркулов аркылуу түздөн-түз көзөмөлгө алганын айтат.

Эске сала кетели 14-ноябрда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президенттин кабыл алуусунда болуп, Белиздин расмий органдарынан трасттык документтерди алганын, анда жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын, тактап айтканда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кызыкчылыктары бар экени белгиленгенин айткан. 2012-жылдын апрелинде ээси Максим Бакиев деп айтылып келген Саутфилд компаниясы ошол маалда улутташтырыла эле “Альфа Телеком” ишканасынын 50 пайыздан ашык акциясы сатылса аты аталган депутаттарга үлүш катары 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат бермек.

Бул иште Өмүрбек Текебаев, Алманбет Шыкмаматов жана Аида Саляновалардын ысымдары айтылууда. Тергөө уланууда.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"