Жаңылыктар
“Дүйнөлүк Назарбаев” аталышындагы документалдуу тасма чыкты
Маданият
“Дүйнөлүк Назарбаев” аталышындагы документалдуу тасма чыкты

Бул тууралуу, тасмалардын режиссеру, продюсери Өмүрзак Төлөбеков маалымат жыйында билдирди. Маалыматтарга караганда, тасмалардын бири Казакстандын  президенти  Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолун баяндаган  “Дүйнөлүк Назарбаев”  деген аталышта тартылган документалдуу тасма. Ал эми  “Миллионердин сүйүүсү” деп аталган экинчи тасманын өзөгүн байлык, мансапка сатылган жана сатылбаган таза махабат тууралуу баян түзөт. Автор“Дүйнөлүк Назарбаев” аттуу документалдуу тасма  казак  лидерине  жаккандыгын билдирип, ал  эки өлкө  ортосундагы ар тараптуу  кызматтыштыктын өнүгүшүнө  олуттуу салым кошкон эмгеги  эске алынгандыгын кошумчалады. 

“Дүйнөлүк  Назарбаев”  фильми 55 мүнөткө созулат жана ушул жылдын 17-февралынан тартып өлкөнүн кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Тасманын бюджети 20 миң долларды түзүп, аны тартууга тасманын продюсерлеринин  Сабыржан Сейдахметов көмөктөшкөн. Продюсер жана режиссер  Өмүрзак  Төлөбеков  буга чейин  “Президент жана бомж” тасмасынын сценаристи жана продюсери.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"