Жаңылыктар
Дүйнөлүк согуш оту тутанабы?
Дүйнө
Дүйнөлүк согуш оту тутанабы?

Бир аптанын ичинде Сириядагы ок атышуулар токтотулушу керек. Орусия менен АКШ баштаган 20дай өлкөнүн башкы дипломаттары Мюнхендеги жыйында дал ушундай макулдашууга жетишишти. Бирок, бул келишим канчалык деңгээлде аткарылаары белгисиз. Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Сириядагы каршылашуулар улана берсе ал дүйнөлүк согушка айланышы мүмкүн экенин эскертти.

Сириядагы абалды жөнгө салуу маселеси Коопсуздук боюнча Мюнхендеги 52-эл аралык конференциянын өзөгүн түздү. Мурдараак Москва  ок атышууларды 1-марттан тартып токтотууну сунуштаса, АКШ аны андан эртерээк ишке ашырууну талап кылганы кабарланган. Башкы дипломаттар орток пикир тапты. Макулдашуларга ылайык ок атышуулар бир аптанын ичинде токтотулушу керек. Бул 14-февралга чейин улана турган конференциянын алгачкы күнүндөгү жетишилген келишим болду. Тараптар согутан жапа чеккен аймактарга гуманитардык жардамдарды жеткирүү маселесин да талкуулашты. АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри:

-Сирияга жардам берүү тобунун көпчүлүк  мүчөлөрү Башар Асаддын режими эл аралык укукту бузуп жатат деп эсептейт. Ал  оппозицияны ачка калтыруу менен колго түшүүгө мажбурлап жатат. Бул ДАЕШке  басымды күчөтүүнүн ордуна анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатат. Террорчулардын  хаосту өз пайдасы үчүн колдонуусуна шарт түзүлүүдө.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айткандарынан Мюнхендеги жыйында Сирияга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа бергенин баамдоого болот.

-Гуманитардык көйгөй боюнча  макулдашууларга канааттандык. Жардамдарды  Сириянын бардык аймактарына жеткирүүгө шарт түзүүгө келиштик. Алар комплекстүү  түрдө эч кимдүу басмырлабагандай жүргүзүлмөкчү.

Ошентип Мюнхенде дипломаттар Сирияга жардам берүү, ок атышууларды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшсө, диалогдун маанилүү болуп турганын орус премьер-министри Дмитрий Медведев да белгиледи. Ал Германиянын Handelsblatt гезитине берген интервьюсунда АКШ менен араб өлкөлөрү Сирияга кургактан аскерлерди киргизсе жаңжал дүйнөлүк согушка айланып кетүү коркунучу бар экенин эскертти. Былтыр жыл соңунда башталган сүйлөшүүлөр ушул тапта кызуу жүрүп жатат. Президент Башар Асад жана анын каршылаштарын тил табыштырууга алардын аркасында колдоо көрсөтүп жаткан өлкөлөр да кызыкдар болууда. Бирок, айрым жагдайлар боюнча мунаса табылбай жатат. Жарандык согушка катышкандардын кимиси оппозиция, кимиси террорчу экенин ажырата албай убара. Сирияда кызыкчылыктары бар мамлекеттер сүйлөшүүлөрдө террордук уюмдардын тизмелерин бири-бирине көрсөтүшүүдө. Мунаса табууга түрткөн жагдай орус куралдуу күчтөрүнүн Алеппого жүргүзгөн активдүү сокууларынан улам жаралып отурат.  Президент Башар Асадга каршы күрөшкөн күчтөр топтолгон бул калаадан качып чыккандардын саны арбын экени айтылууда. Мына ушундан улам батыш өлкөлөрү качкындардын көбөйүшүн Орусиянын аракети менен байланыштырат. Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри, коопсуздук жаатындагы эксперт Токон Мамытов Алепподогу абалга жалгыз Москва гана эмес, башка оюнчулардын да таасири бар экенин белгилейт. Беш жылдан бери согуш токтобогон өлкөнү ар тараптан бөлүп кетүү коркунучун да жокко чыгарганга болбойт.

Сирияда мындан 5 жыл мурда башталган согуш 220 миңдей адамдын өмүрүн алганы октябрь айында эле кабарланган болчу. Ал эми качкындардын саны миң эмес, миллиондоп саналат. Мюнхендеги макулдашуулар кандай аткарылаарын алдыдагы апта көрсөтөт.

Калыгул Асамбаев