Жаңылыктар
Авиакырсык: гуманитардык жардам чогултуу чарасы токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Авиакырсык: гуманитардык  жардам чогултуу чарасы токтотулат

1-февралдан тарта авиакырсыктан жабыркагандарга азык-түлүк түрүндө гумманитардык  жардам чогултуу чарасы токтотулат. Топтолгон азык-түлүк жана башка тирилик каражаттары  11-февраль күнү аймактык комиссиянын көзөмөлү менен таратылат. Бирок акчалай жардам көрсөтүү  чарасы уланууда. 

Бүгүнкү күндө атайын эсепке  мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер жана чет жактан жүргөн жарандар тарабынан акча каражаттар дагы деле келип түшүүдө. 

Белгилей кетсек, акчалай жардамдар  өкмөт түзгөн бирдиктүү эсепке кабыл алына берет.

Бегайым  Абдыкадырова,  “Биринчи радио”