Жаңылыктар
Жылуулук борборун жаңылоо иштерине кеткен чыгымдар деталдуу эсептелиши зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук борборун жаңылоо иштерине кеткен чыгымдар деталдуу эсептелиши зарыл

Бишкек Жылуулук борборун жаңылоо иштеринде коротулган чыгымдар деталдуу эсептелип туруусу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Бишкек Жылуулук борборунда болгон көчмө жыйынында айтылды. Депутаттар өлкөдөгү ири долбоордун бири болгон борбордогу жылуулук борборунда жүрүп жаткан жаңылоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул жерде эски жабдуулар бузулуп, ордуна жаңы буу казандар менен трубиналар салынган. 

Жаңыртылган ТЭЦтеги жабдыктар Кытайлык өндүрүштөн чыккан. Кытайлык адистер тажрыйбасынан бөлүшүп, кыргыз кесиптештерине жаңы жабдуулардын иштөө жолдорун үйрөтүп жатат.  Бишкек жылуулук борбору кубаттуулугу жогорулап ишке кирген соң, абага бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы дагы азаят дейт адистер.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"