Жаңылыктар
1992-жылдын 1-февралында Кыргызстанда биринчи болуп АКШ элчилигин ачкан
Кыргызстан жаңылыктары
1992-жылдын 1-февралында Кыргызстанда биринчи болуп АКШ элчилигин ачкан

1919-жылдын 1-февралы. Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан тарта билим берүү тармагына көңүл бурулуп, мектептер ачыла баштаган. Совет убагындагы адегенде ишке киришкен мектептердин бири - Пишпек уездинин Канай волостунда ачылган окуу жай болгон. Мектеп жашындагы өспүрүмдөргө арналган «Кыргызстан пионери»гезитинин биринчи саны 1932-жылдын 1-февралында жарык көргөн. 

1926-жылдын 1-февралы СССР Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитет Президиумунун кабыл алган токтомуна ылайык Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы уюшулган. Кыргыз АССРинин негизделиши 1925-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн Кыргыз Автономиялык Областыныны Ш сессиясынын чечимине ылайык ишке ашырылган. 
 1941-жылдын 1-февралында Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын уюшулганынын 15 жылдыгы салтанат менен белгиленген. Республика жетекчилиги юбилейдик датага утурлай өлкө башчылары И. В. Сталин менен В. М. Молотовго бир канча маанилүү маселелерди оң чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жергиликтүү улуттагы кыз-келиндердин билимин арттырып, педогогика багытындагы адистерди тарбиялоодо В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту маанилүү роль ойногондугу белгилүү. 
Педагогикалык институтту ачуу чечими Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу комитетинин 1944-жылдын 15-декабрындагы токтому менен кабыл алынып, окуу жай 1945-жылдын 1-февралында уюшулган. Кыргыз кыз-келиндер окуу жайынын базасында 1950-жылы Мугалимдер институту курулуп, ал 1952-жылы В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн. Окуу жайда адегенде 27 кафедра, китепкана, мектепке чейинки мекемелер, музыкалык бөлүм иштеген.
1992-жылдын 1-февралында Кыргызстанда биринчи чет өлкө элчилигин ачкан. АКШ элчилигинин имараты Эркиндик бульварында орун алып, анын ачылыш салтанаты өткөн.
Демократиялык күчтөр коалициясы 2006-жылдын 1-январында, Кыргызстанда саясий кризистик кырдаал түзүлгөндүгүн билдирген. «Ачылбаган буйрутма киши өлтүрүүлөр, менчикти басып алуу, кылмыш күчтөрдүн ачыкка чыгышы, Улуттук коопсуздук кеңештеги жана кадр маселелери боюнча чыр-чатактар өлкө үчүн коркунуч жаратаары» белгиленген. 
 Демократиялык күчтөр Коалициясы - «Ата мекен», «Ар намыс», Социал-демократиялык, Демократиялык күчтөр Биримдиги партиялары, бир катар бейөкмөт, укук коргоо уюмдарынын башын кошкон.
 Британия 1924-жылдын 1-февралында Советтер Союзун шарттуу түрдө тааныган. Советтик аскерлер 1940-жылдын 1-февралында Карел  булуну аркылуу Финляндия аскерлерине каршы чабуулга өтүшкөн.

2012-жылдын 1-февралында Президенти Алмазбек Атамбаев ООНдун башкы катчысынын Атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн алдын алуучу дипломатия боюнча ООНдун регионалдык борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолугушкан. Тараптар   Кыргызстан менен ООНдун ортосунда кызматташуу маселелерин талкуулаган.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"