Президент Алмазбек Атамбаев менен Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифтин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду.
Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгындагы маанилүү маселелер талкууланды.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Пакистандын Премьер-министри Наваз Шариф мындан тышкары эл аралык жана аймактагы маанилүү маселелер боюнча пикир алмашышты.