Жаңылыктар
Абулгазиев Түркиялык АСТ авиакомпаниясынын жетекчиси менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Абулгазиев Түркиялык АСТ авиакомпаниясынын жетекчиси менен жолукту

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Түркиялык АСТ авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш баштаган өкүлдөр менен жолукту. Жолугушууда биринчи вице-премьер- учактын кыйрашы боюнча бардык маселелер өкмөттүн көзөмөлүндө экенин айтып, эми алдыда эки тарап биргелешип жабыркаган жарандардын маселесин чечүү милдети турат, - деди. Түрк тарап чыгымдар боюнча жардам берүүгө, жетим калган балдарга психологиялык колдоо көрсөтүүгө, аларды орто мектептен баштап жогорку билим алуусуна чейин камкордукка алууга жана башка мамлекеттик чыгымдарды биргеликте чечүүгө даяр экенин билдирди. 

АСТ түрк авиакомпаниянын башкы директорунун маалыматы караганда, “Боинг-747” учагы буга чейин Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча бир нече жолу жүк жеткирген. Ар бир каттамда Бишкекке конуп, Стамбулга чейин кошумча күйүүчү май куюп, экипаж мүчөлөрүн алмаштырып келген. Аталган жүк Бишкекке эмес Стамбулга багытталганын кошумчалады. Эскерте кетсек, өкмөттүк комиссия кыска убакыт аралыгында АСТ түрк авиакомпаниясына Боинг-747 учагынын кыйрашына байланышкан чыгымдар тууралуу толук маалымат берет.