Жаңылыктар
Чүйдө кездеме өндүрүүчү фабрика ишке кирди
Экономика
Чүйдө кездеме өндүрүүчү фабрика ишке кирди

Завод  ноябрь айынан бери сыноо ыргагында иштеп жатат. Андан бери алгачкы даяр продукция Казакстанга экспорттолду. 10 млн рублга буйрутма берген Орусия кезегин күтүп турат. Жергиликтүү кардарлар да буйрутма берген. Баштапкы баскычта күнүнө 10 тоннага чейин даяр продукция өндүрүлсө, келечекте кубаттуулукту жогорулатып суткасына 30 тоннага чейин кездеме чыгаруу максаты бар.

Ишкана эми жеке эле Чүй облусу үчүн гана эмес бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болоорун айткан өкмөт башчы фабрика районду дотациядан чыгарууга көмөктөшөөрүнө ишеним артты. Анын үстүнө Кыргызстандан тигилген кийим-кечелер чет элдик рыноктордо өтүмдүүлүгү мыкты. Ата мекендик ишканалар чыгарган товарларды ЕАЭБ базарына сатууга кеңири мүмкүнчүлүк бар. Мындан улам өлкөдө жеңил өнөр жай тармагынын ишин жигердүү илгерилетүү жумуштары улантылат.

Ишкана жетекчиси фабрика алынган насыяны 5 жылда актайт деп тилек кылып турат. Азыр 150гө чейин жумуш орундары түзүлгөн. Фабрикадагы негизги заманбап жабдуулар Түркия, Тайвань, Кытай жана Даниядан алынып келинген. 

Азырынча кездеме чыгарып жаткан фабрика чийки затты килограммын 7 доллардан Өзбекстандан алууда. Келечекте бул чыгымдарды азайтып пахтаны өстүрүп аны кайра иштетүү боюнча өзүнчө завод куруу максаты бар. Муну ишке ашыруу үчүн ишкана өкүлдөрү Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна каражат сурап кайрылган.