Жаңылыктар
ЕАЭБ мүчө болгонубузга жарым жыл толду
Экономика
ЕАЭБ мүчө болгонубузга жарым жыл толду

Бүгүн Кыргызстандын Евразия экономикалык Бирлигине толук кандуу мүчө болгонуна жарым жыл болду. Кыргызстандын бул уюмга мүчө болушу дүйнөлүк экномикалык каатчылыкка туш келди. Дүйнөдө мунайдын баасынын кескин арзандашы, АКШ долларынын курсунун жогорулашы жана улуттук валюталардын девальвациясы, санкциялар – бир сөз  менен айтканда, дүйнө оор мезгилди баштан кечирип жатат. Деген менен Евразия экономикалык Бирлигинин экономикасы жыл соңуна чейин өсүш аларын Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия төрагасынын милдетин аткаруучу Татьяна Валовая белгиледи.

Өткөн 2015-жылды Кыргызхстан ички дүй өндүрүмдүн көлөмүн 3,5% көрсөткүч менен жыйынтыктады. Инфляция жаатында болсо, анын өсүшү мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөн.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, баалар орточо 3,5 пайызга өскөн. Өкмөт мындай өсүштү Республика өткөн жылдын декабрында баштылган мунайдын баасынын төмөндөшүнө көз каранды эместиги менен түшүндүрөт. Быйылкы жылга карата мунайдын бир баррелинин наркына божомолдор да өтө эле көңүл жылытарлык эмес.