Азыркы тапта Ош облусунда, ӨКМдин «пайдаланууга мүмкүн эмес, балдардын өмүрүнө кооптуу», - деген корутундусуна карабай, өз өмүрүн тобокелге салып авариялык абалда билим алып жаткан 51 орто мектеп бар. Алардын бири Ноокаттагы Кара-Кокту атындагы орто мектеп.
Агартуучулар сабактын сапаттуулугунан да окуучулардын коопсуздугуна көбүрөөк көңүл бурганга аргасыз. Анткени, балдардын бир эле туура эмес кыймылынан жагымсыз жагдай жаралышы мүмкүн.
Кырсыкты кайдан деп болбойт. Коридордогу мына бул ойду- келди тартылган электр зымдары болсо, авариялык абалдагы мектептин абалын ого бетер оорлоткондой түр көрсөтөт. Айтмакчы, бул коридор жаан-чачын башталгандан тартып, окуучулардын линейка өтө турган жайына айланат.
Элден айланса болот. Келечек муундун эртеңин ойлогон жергиликтүүлөр, элдин үлүшүндөгү сарайды короосу менен жаңы мектептин имараты үчүн мектептин карамагына өткөрүү чечимин кабыл алышкан. Мектеп жетекчилиги болсо, 250 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин долбоорун иштеп чыгып, өкмөттөн колдоо күтүп турат.
ӨКМ Ош облусундагы 51 орто мектепке «окуучулардын өмүрүнө кооптуу, пайдаланууга мүмкүн эмес » - деген кортундуну чыгарган. Мунун ичинен Ноокат районундагы 8 мектеп, азыркы тапта, авариялык абалда экенине карабай, окуучулардын өмүрүн тобокелге салып пайдаланылып келет. Тилекке каршы, балдардын коопсуздугуна жоопкерчиликти эч бир тараптын алгысы келбейт.