Жаңылыктар
Мыкты спортчуларга сыйлыктар тапшырылды
Спорт
Мыкты спортчуларга сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы ири эл аралык спорттук иш-чараларда ийгиликке жетишкен ата мекендик спортчуларды сыйлады. Премьер Өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан аларга спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эл аралык спорттук таймаштардагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн ыраазычылык билдирип, өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

Мындай көрүнүштү спортчулар, алардын машыктыруучулары жана жалпы эле тармактын өкүлдөрү кубануу менен кабыл алышты. Бийликтин спортчуларга көңүл бурганы жеңишке болгон умтулууга дагы да шык берерин алар белгилешет. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат жана баалуу белектер менен дзюдо, самбо, грек-рим, эркин жана кыз келиндер күрөшү, Алыш белбоо күрөшү, белбоо күрөшү, кол күрөш, пауэрлифтинг, кикбоксинг жана тогуз-коргоол боюнча 23 спорт чебери сыйланды. Арасында Дүйнө жана Азия биринчилигин уткан, күмүш жана коло байге тагынган спортчулар бар.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"