Жаңылыктар
АКШ сириялык качкындарды кабыл алууну токтотту
Дүйнө
АКШ сириялык качкындарды кабыл алууну токтотту

"Чет элдик террорчулардан” коргонууну убада кылган АКШ президенти Трамп 7 мусулман өлкөсүнөн иммиграцияны 90 күнгө убактылуу токтотту. Жарлыкка ылайык бул  тизмеге: Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен кирген.

27-январда чыккан Жарлыкка ылайык: АКШ сириялык жана  жалпы эле ушул жети өлкөдөн качкындарды кабыл алууну 120 күнгө убактылуу токтотту. Бул жарлык диний себептер менен куугунтукка алынган качкындарга гана жайылтылбайт.

Трамптын жарлыгы чыгары менен АКШ аймагындагы  аэропорттордо жүздөгөн  адамдар  кармалып, депортация  болуусу күтүлүүдө.  Азырынча АКШ  Президенти Дональд Трамптын  бул Жарлыгына Ислам кызматташтык  уюму негедир  өз пикирин билдирген жок -деген суроо жаралат.-деп жазып чыкты “The New York Times” басылмасы.  Белгилей кетсек,  бул уюмга 57  мусулман  өлкөсү мүчө болгон.  Трамптын бул чечимине жадагалса араб дүйнөсүндөгү  абдан таасирдүү делген  Сауд   Аравия менен  Египет да  ак же  көк - деген жок. Демек,  мусулман  мамлекеттери ортосунда  бул маселе боюнча  келишпестик күчөп жаткан учуру. Анан да “New York Times” гезити мунун өзүн,  глобалдык дүйнө, Вашингтонго көз каранды экендигинин дагы бир далили катары баса белгилейт.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Сүймөнкүл Идирисов болду.