Жаңылыктар
Россияда иштеп жаткан мигранттардан эмгек келишими талап кылынат
Кыргызстан жаңылыктары
Россияда иштеп жаткан мигранттардан эмгек келишими талап кылынат

Эмгек келишими жок иштеп жүргөн чет өлкөнүн жарандары Россиянын аймагынан чыгарылат. Мындай эреже жакында иштеп башташы мүмкүндүгүн  Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматтарга  караганда,  мигранттар  Россияда  эмгек келишими жок жумушка кабыл алынышып, иш берүүчүлөр   андай  жумушчулардын эмгек акысын  бербей, бекер иштеткен көрүнүштөр көп кездешет. 

Мындай учурлардын арбып баратышына мигранттар өздөрү себепкер. Көпчүлүк жарандар сабатсыз жана маалымат алууга кайдыгер дешет талдоочулар. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"