Жаңылыктар
Максим Бакиевдин мүлктөрүн ким саткан?
Саясат
Максим Бакиевдин мүлктөрүн ким саткан?

Максим Бакиевдин мүлктөрүнүн сатылышына байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия иликтөөлөрдү улантууда. Эл өкүлдөрү ал ишке Мамлекеттик каттоо кызматын аралашкан деп айыптап жатат. Ал эми аталган мекеменин жетекчиси соттун чечимине ылайык иш жасалганын жүйөө келтирет.

Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган маалыматтарга таянсак, Скрябин көчөсүндөгү 1 гектар 28 сотых жер 2 жарым миллион сомго гана сатылган. Бирок, анын баасы 3 миллион долларга барабар экени айтылды. Мындан улам соодалашууга карата күмөн саноолор күчөдү. Максим Бакиевге таандык делген бул мүлк 2010чу жана 2012-жылдары эки ирет камакка алынган. Бирок соттор бул чечимди жокко чыгарганы прокуратурага кечирээк билинген. Көзөмөл орган кийинки инстанцияга кайрылып, жерди арестке алууну кайтарган эле. Ага карабай Мамлекеттик каттоо кызматы мүлктүн сатылып кетишине жол бергенин айтат Башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов. Муну ал мекемеге соттун чечими тууралуу аныктама кеч келгени менен байланыштырат.

Бакиевдердин мүлктөрүнө байланыштуу кезектеги талашка кандай чекит коюлаары белгисиз. Прокуратура соңку соодалашууну жокко чыгаруу боюнча сотко доо-арыз жолдоду. Маселени иликтеген депутаттык комиссия 18-январда түзүлгөн.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"