Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөш өз жемишин берүүдө
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөш өз жемишин берүүдө

Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаевдин “Антикоррупциялык саясат жана паракорлукка каршы чара көрүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндөгү” жарлыкка кол койгонуна 5 жыл толду. Коргоо Кеңеши бул убакыт аралыгында коррупцияга каршы күрөшүүдө маанилүү кадамдар жасалганын, бирок көйгөй дагы деле бар экенин билдирүүдө. Ал арада парламентте паракорлуккка каршы күрөшкө маани берилбей жатканы айтылды. .

Жарлык жарыяланган 5 жылдын ичинде 6695 жооптуу кызмат адамдарына коррупцияга байланыштуу айып тагылган. Алардын алтоосу Жогорку Кеңештин депутаттары. Ошондой эле 38 судьяга, мамлекеттик органдардын 535 жетекчи кызматкерлерине, Акционердик коом, мамлекеттин үлүшү бар ишканалардагы 110 жетекчиге жана укук коргоо органдарынын 85 жогорку өкүлдөрүнө кылмыш иши козголгон.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"