Жаңылыктар
Экономикалык жагдайды саясатка айланткан Жогорку Кеңештин отуруму
Саясат
Экономикалык жагдайды саясатка айланткан Жогорку Кеңештин отуруму

Кезектеги өкмөттүк сааттын учурунда парламенттеги айрым фракция мүчөлөрү экономикалык жагдайды талкуулап отуруп саясатка айлантышты. Өкмөттүк саатка берилген убакытты добушка салып чечип алганына карабай, регламентти бузуп өкмөт башчысына жооп бермейинче кетпейсиң деп зекигендер да болду.


Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБге ыңгайлашуудагы ыкчам багыттарды белгилеп, биримдикке киргендеги жетишкендиктер, чечилбей жаткан көйгөйлөр жана өкмөттүн аткара турган максаттары тууралуу маалымат берди. Быйыл өкмөт экспорттун көлөмүн көбөйтөт, ЕАЭБ рыногуна жада калса үчүнчү мамлекеттердин базарларына чыгууга шарт түзүлөт. Кытай, Түркия, Араб өлкөлөрүнүн катышуусу менен ЕАЭБге экспорттоого багытталган биргелешкен кооперациялык ишканаларды түзүүгө дем берилет. 


Ошол эле учурда ЕАЭБдин талаптарына ыңгайлашуу багытындагы жумуштарда 4 көйгөй жана тоскоолдуктар турганы айтылды. Бул Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан тартып тышкы соода көрсөткүч бардык өлкөлөрдө төмөндөгөн. Чек ара өткөрүү бекеттерин экинчи баскычта жабдуулар менен камсыздоо кечеңдеп жатат, тышкы соода боюнча статистиканын сапатын жакшыртуу боюнча көйгөйлөр бар жана кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл сакталып турат. Ошентсе да бул жыл аягына чейин өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алуу жумуштарын ыкчамдатат.