Жаңылыктар
Турак-жайды камсыздандыруу иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Турак-жайды камсыздандыруу иштери башталды

Ушул жумадан баштап бардык министрлик менен мамлекеттик мекемелердин  жетекчилери турак-жайларын камсыздандыра баштайт. Бул тууралуу  премьер-министр Темир Сариев  өкмөттүн 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жыйында билдирди. Премьер жыйында элге үлгү болуу максатында  биринчилерден болуп өз турак-жайын камсыздандырганын маалымдады. Эске салсак 11-февралда турак-жайларды өрт жана жаратылыш кырсыктарынан милдетүү камсыздандыруу тууралуу мыйзам күчүнө кирди.