Жаңылыктар
Өспүрүмдүн өлүмүнүн себептери иликтенүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өспүрүмдүн өлүмүнүн себептери иликтенүүдө

Мына ушул 5-кабаттан боюн таштап каза болгон окуучунун өлүмүнөн кийин социалдык тармактарга тараган “Көк кит” оюну коомчулукта тынчсызданууну жаратты. Анткени азгырык оюнга балдар акыркы үлгүдөгү чөнтөк телефону менен каалаган убактысында туташа алат.  Заманбап телефон окуучунун билим алуусуна дагы терс таасирин тийгизет.

Азыр уюлдук телефон жаштардын алмаштыргыс досу. Азыркы күндө балдар ата-энесин ой-боюна койбой жатып заманбап телефон алдырат. Эми интернеттеги өлүмгө чакырган оюн дүң болгондон бери ата-энелер дагы санаага батты.

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар кандай үлгүдөгү уюлдук телефон алып жүргөнүнө көзөмөл кыла албайт. Болгону мектептерде сабак учурунда жанына алып жүрүүгө чектөө киргизилген.

Калыптанып келе жаткан жаш муун өкүлдөрү чөнтөк телефондун чыныгы милдети эмне көңүл деле бурбайт. Интернетке киргенден кийин азгырык андан ары жетелеп, башка терс көрүнүштөрдү кабыл алышы ыктымал. Психологдор болсо балдарды тетири нукка бурган күчтөр бар экендигин эскертет.

Жаш балдарга интернетке туташчу уюлдук телефонду берүүкерекпи же жокпу жеген маселе азыр өтө маанилүү болуп турат. Ал эми мектептерге кымбат баадагы телефондорду алып жүргөнгө тыюу салыш керек деген пикирлер социалдык түйүндөрдө салмактуу болуп баратат.