Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду
Кырсык
Бишкек шаарындагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Кечээ кечки саат 20:45 чамасында Манас проспектисинде Субару үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, даракты сүзүп алган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Натыйжада, унаадагы  3 адам  ошол жерде каза болушкан. Жол кырсыгы катталган жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Окуяга күбө болгон, Айбек Баратов өзүнүн фейсбук баракчасына сүрөт жайгаштырып, каза болгондордун баары жаштар экендигин жазат. Үчкө бөлүнүп калган унаанын тектиктери 50 метрге чейин чачылып жаткандыгын белгилеген.

Үч адамдын өмүрүн алган авто кырсык мына ушул жерде болгон. Машинанын дөңгөлөгү тээтиги үйдүн өзүнө барып тийген. Бул үй толук салынып бүтө элек болгондуктан эч ким жашабайт.

Интернет баракчалардан алынган бул сүрөттөр кырсык болгондон кийин тартылган. Алдын ала маалыматтарга караганда Субару Импреза үлгүсүндөгү унаа Ахунбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинен жогору карай бет алганда ылдамдыкты болушунча күчөткөн. Бул кечки саат 8 жарымдар болгон. Унаанын дөңгөлөгү жол жээгиндеги тосмого илинип, андан ары аласалып кеткен.